• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Алмазбек Атамбаев 2005-жылдын 24-мартындагы Элдик революцияга арналган эстелик гүлбакчага барды

Президент 0


Бишкек, 24-март /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 24-мартта, 2005-жылдын 24-мартындагы Элдик революцияга арналган эстелик гүлбакчага барды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Ахунбаев жана Шабдан Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде гүлбакча жасоо демилгеси Президент Алмазбек Атамбаевге таандык. Мамлекет башчысы тарабынан бул максатка 7 миллион сом бөлүнгөн болчу. Ал эми Бишкек шаарынын мэриясы жергиликтүү бюджеттен кошумча 1,3 миллион сом бөлгөн.

Президент Алмазбек Атамбаев гүлбакчанын жана анын тегерегинин жашылдандырылышы менен таанышты. Символикалуу түрдө дарак көчөттөрүн отургузуу болду.

Андан соң Мамлекет башчысы өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалга, быйыл боло турган президенттик шайлоого жана башка олуттуу темаларга тийешелүү журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Иш-чарага ошондой эле 2005-жылдын 24-мартындагы Элдик революциянын активдүү катышуучулары да катышышты.

Пикир

Оставить комментарий