• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Алмазбек Атамбаев: “23-февраль майрамы - эрдиктин, каармандыктын жана чыныгы мекенчилдиктин символу”

Президент 0

Бишкек, 23-февраль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктады. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысынын куттуктоо тексти:

“Кымбаттуу мекендештерим!

Жыл сайын 23-февралда белгиленип келе жаткан Мекенди коргоочулар күнү элибиз урматтаган майрамдардын бири болуп калды. Бул майрам эрдиктин, каармандыктын жана чыныгы мекенчилдиктин символу. Бүгүн биз Мекенибиз үчүн өмүрүн кыйган, аны урпактар үчүн сактап, мурас кылып калтырган ата-бабаларыбыздын улуу эрдигине, жаркын элесине, элибиздин майтарылбас улуу рухуна таазим этебиз. Бабаларыбыздын куттуу жергебизди көздүн карегиндей сактап, тынчтыкта жана ынтымакта жашагыла деген улуу осуятын аткаруу Мекенин сүйгөн ар бир кыргызстандык жаран үчүн ыйык парз болуп саналат.

Ушул күнү биз Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлерине, башка согуштарда кан-жанын аябай күрөшкөн эр жүрөк жоокерлерге өзгөчө көңүл буруп, аларды урмат-сыйга бөлөйбүз. Бул майрам Мекенин коргоого, эл-журтуна ак кызмат кылууга ант берип, аны абийирдүүлүк менен аткарып жаткандардын майрамы.

Бүгүн өз өлкөсүнө чексиз берилгендердин, Куралдуу Күчтөрдүн жоокерлеринин катарында, укук коргоо системасында жана улуттук коопсуздук органдарында кызмат кылып, мамлекетибиздин, коомубуздун жана Кыргызстандын ар бир жаранынын коопсуздугунун сакчылыгында тургандардын сыймыктуу майрамы.

Биздин бир гана Мекенибиз бар, ал – бардыгыбыз үчүн ыйык жана улук Кыргызстаныбыз. Ошондуктан 23-февраль –өз Мекенин, өз үйүн, өз ишин жана өз жакындарын, өзүнүн келечегин коргоого даяр эр жүрөк жана руху күчтүү жарандарыбыздын майрамы.

Урматтуу кыргызстандыктар!

Сиздерди Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктайм!

Баарыңыздарга бекем ден соолук, үй-бүлөлүк зор бакыт, тынчтык жана ынтымак каалайм”.

Пикир

Оставить комментарий