• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Алмазбек Атамбаев №47 абакка которулду

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.01.21. /Кабар/. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Бишкектеги №47 абакка которулду. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Атамбаев №47 колонияга саламаттыгына байланыштуу жаңы жылдын алдында которулган. "Атамбаевдин кан басымы жана башка оорулары бар", - деп билдиришти ведомстводон.

Эске сала кетсек, буга чейин Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз түрмөдөн бошотулушуна байланыштуу 11,2 жылга эркинен ажыратылган. Бишкек шаардык соту райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Бирок Жогорку сот эки инстанциянын чечимин жокко чыгарып, ишти жаңыдан карап чыгуу үчүн Биринчи май райондук сотуна жөнөткөн.

Пикир

Оставить комментарий