• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Алмазбек Атамбаев 7-июнга чейин камакта калтырылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.04.21. /Кабар/. Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасын 7-июнга чейин узартты.

Биринчи май райондук сотунан билдиришкендей, райондук соттун өндүрүшүндө коррупциялык кылмыштар боюнча А.Ш.Атамбаев, И.Ы.Жолдубаева, А.Раимжанов жана К.О.Качкыналиевдерди айыптоо боюнча жазык иши каралууда.

2021-жылдын 1-апрелинде Жазык-процесстик кодексинин 274-беренесинин талабына ылайык, сот тарабынан иштин соттук териштирүү жана айыпталуучуларга карата тандалган бөгөт коюу чарасынын мөөнөттөрү 7-июнга чейин узартылды.

Айыпталуучу Атамбаев ооруп жаткандыгына байланыштуу алынып келинбегендиктен, соттук отурум 15-апрель саат 14:00гө жылдырылды.

Пикир

Оставить комментарий