• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Алмазбек Атамбаев Астанага учуп кетти

Президент 0

Бишкек, 8-июнь /Салтанат Абдраева - Кабар/. Кыргызстандын мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев бүгүн иш сапары менен Казакстандын борбору Астанага учуп кетти.

Иш сапардын алкагында өлкө башчы А. Атамбаев 8-9-июнда өтө турган ШКУ мамлекет башчыларынын кезектеги саммитине катышат.

Мындан тышкары, башка мамлекеттердин президенттери менен биргеликте 10-июнда өтө турган «ЭКСПО-2017» көргөзмөсүнүн ачылыш аземине катышары пландалууда.

ШКУга мүчө мамлекеттер: Кыргызстан, Казакстан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан жана Кытай Эл Республикасы. 2015-жылы уюмга Индия менен Пакистандын мүчө болуп кире турганы айтылган.

Пикир

Оставить комментарий