• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Алмазбек Атамбаев «Ата-Бейит» эстеликтер комплексинде Апрель окуясында курман болгондорду эскерди

Президент 0

Бишкек, 7-апрель /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 7-апрелде «Ата-Бейит» эстеликтер комплексинде Апрель окуясында курман болгон баатырлардын мүрзөсүндөгү монумент тактага гүлчамбар коюу менен аларды эскерди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Айнаш Токбаева Элдик Апрель революциясынын баатырларынын мүрзөсүнө гүлчамбарларды коюшту.

«Ата-Бейит» эстеликтер комплексинде маркумдарга атап куран окулду.

Иш чарага 2010-жылы 7-апрелде курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандары, Апрель окуяларынын катышуучулары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын жетекчилери жана коомчулук өкүлдөрү катышты.

Пикир

Оставить комментарий