• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Алмазбек Атамбаев: “Эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди жөнгө салуу элчинин ишинен көз каранды”

Президент 0

Бишкек, 15-март /Кабар/. Эки өлкөнүн ортосундагы мамилени жөнгө салууда элчинин иши өтө маанилүү. Бул тууралуу Президент Алмазбек Атамбаев бир катар өлкөлөрдүн элчилеринин ишненим грамоталарын кабыл алуунун жүрүшүндө билдирди.

Мамлекет башчысы жаңы элчилерди расмий миссияларынын башталышы менен куттуктады. “Сиздердин ишмердүүлүгүңүздөр Кыргызстандын сиздердин өлкөңүздөр менен мамилесин активдештирүүгө жол ачарына ишенем. Өткөн жылы биз КРнын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгын белгиледик, биздин эл катаал жолду басып өттү. Биз эки революцияны баштап кечирдик, азыр өлкө улуттук жана маданий кайра жаралуунун тарыхый этабын басып өтүүдө. Биз ачык эркин коомчулук жана демократиялык мамлекет түзүүдө бир топ кыйынчылыктарга дуушар болдук. Кыргызстан дүйнөгө уникалдуу долбоорду – Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын сунуштады. Өткөн жылы декабрда БУУнун башкы ассамблеясы резолюция кабыл алды, анда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын тынчтык, өнүгүү жана маданияттар аралык диологду алдыга жылдырууга кошкон салымы айтылган”,-деди А.Атамбаев.

Мамлекет башчысынын айтымында, дүйнөлүк каатчылыктын таасирине карабай өлкөнүн ИДПсы туруктуу өнүгүүнү көрсөтүүдө. “Өлкө энергетикалык көз карандысыздыкка жетишти. Ошондой эле, эл аралык саясат чөйрөсүндө Кыргызстан улуттук кызыкчылыкты коргоого багытталган теңдештирилген саясат жүргүзүүдө”,-деди өлкө башчы.

Пикир

Оставить комментарий