• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Алмазбек Атамбаев филантроп Джордж Соростун уулун кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 2-июнь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 2-июнда Ачык коом институтунун негиздөөчүсү, филантроп Джордж Соростун уулу Алекс Соросту кабыл алды. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Маектешүү учурунда өзү да демөөрчү жана фонддордун жетекчиси болуп эсептелген Алекс Сорос Мамлекет башчысына өзүнүн Кыргызстанга сапарынын алкагында Борбор Азиядагы Америка университетинин бүтүрүүчүлөрүнө дипломдорду тапшыруу аземине да катыша турганын айтты.

Жолугушууда Алекс Сорос ошондой эле Кыргыз Республикасында ишке ашырылып жаткан «Таза коом» долбоорун белгилеп, ал өлкөгө чоң пайда алып келет деген пикирин айтты.

Пикир

Оставить комментарий