• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Алмазбек Атамбаев Франк-Вальтер Штайнмайерди президент болуп шайланышы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 13-февраль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Франк-Вальтер Штайнмайерди Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык Президенти болуп шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Куттуктоо телеграммасында Мамлекет башчысы Кыргызстан кыргыз-немис кызматташтыгын, анын ичинде ал 2007-жылы демилгелеген Европа Бирлигинин Борбор Азия боюнча Стратегиясынын алкагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө Франк-Вальтер Штайнмайердин кошкон жеке салымын жогору баалай турганын белгиледи.

«Кыргызстан менен Германия ортосундагы кызматташтыктын жетишилген жогорку деңгээли биздин элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн мындан ары да өнүгө жана бекемделе берет деп үмүттөнөм. Кыргыз-немис өз ара пайдалуу кызматташтыгын мындан ары да кеңейте берүүгө Кыргыз Республикасынын терең кызыкдар экенин тастыктайм », - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Президент Алмазбек Атамбаев Франк-Вальтер Штайнмайерди өзүнө ыңгайлуу учурда Кыргызстанга расмий визит менен келүүгө чакырды.

Президент Алмазбек Атамбаев Германия Федеративдүү Республикасынын шайланган Федералдык Президенти Франк-Вальтер Штайнмайерге бекем ден соолук жана мамлекеттик ишинде албан ийгиликтерди, ал эми Германиянын биз менен дос элине – тынчтыкты жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.

Пикир

Оставить комментарий