• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Алмазбек Атамбаев Ирандын Президентине терактка байланыштуу көңүл айтты

Президент 0

Бишкек, 9-июнь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев көп адамдардын курмандыгына алып келген Тегеран шаарындагы терактка байланыштуу Иран Ислам Республикасынын Президенти Хасан Роуханиге көңүл айтты. Бул тууралуу КР Президенттинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысы көңүл айтуу телеграммасында Кыргыз Республикасы тынч жашаган күнөөсү жок жарандарга багытталган бул катаал актыны чечкиндүү айыптаары белгиленет.

“Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, кайратка чакырган сөздөрдү, жапа чеккендердин баары тезирээк сакайып кетишин кааларыбызды жеткирип коюуңузду өтүнөм”,-деп айтылат телеграммада.

Пикир

Оставить комментарий