• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Алмазбек Атамбаев Иван Белековду кабыл алды

Саясат 0


Бишкек, 22-июль /Кабар/. Президент Алмазбек Атамбаев Чолпон-Ата шаарындагы Мамлекеттик резиденцияда Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын депутаты Иван Белековду кабыл алды. Депутат Кыргызстанга «Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдер» форумуна катышуу үчүн келген.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлагандай, жолугушууда Белеков Атамбаевге эл аралык форумга катышууга чакыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. “Мен форум өтө жогорку деңгээлде, анын идеясын терең түшүнүү менен даярдалганын сездим”,- деди Белеков.

Тараптар Кыргызстан менен Алтай республикасынын маданий-гуманитардык тармакта кызматташуусун талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий