• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Алмазбек Атамбаев көп балалуу энелерди “Баатыр эне” ордени менен сыйлады

Президент 0


Бишкек, 19-май /Кабар/. Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев Энелер күнүн белгилөөнүн алдында салтанаттуу иш чаранын алкагында өлкөнүн бардык облустарынан, Бишкек жана Ош шаарларынан келген көп балалуу энелерди “Баатыр эне” ордени менен сыйлады.

“Баатыр эне” ордени менен бирге Алмазбек Атамбаев көп балалуу энелерге белектерди жана акчалай сыйлыктарды тапшырды.

КР Президентинин Жарлыгына ылайык, “Баатыр эне” ордени менен жети жана андан ашык баланы толук кандуу тарбиялап жаткан 1миң 618 эне жана 551 алты балалуу эне “Эне даңкы” медалдарын алышты.

Пикир

Оставить комментарий