• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Алмазбек Атамбаев көп курмандыктарга алып келген терактыга байланыштуу Пакистандын Президентине көңүл айтты

Президент 0

Бишкек, 17-февраль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Сехван-Шариф шаарындагы көп адамдардын курман болушуна алып келген терактыга байланыштуу Пакистан Президенти Мамнун Хуссейнге көңүл айтты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

«Сехван-Шариф шаарындагы көп адамдардын курман болушуна алып келген теракты жөнүндө суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргызстан эли Пакистан элинин аза кайгысын тең бөлүшөт жана кандай гана көрүнүштөгү болбосун терроризмди чечкиндүү айыптайт.

Курман болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтуумду, ал эми жабыр тарткандарга тез арада сакайып кетишин кааларымды билдирип коюуну өтүнөм», - деп белгиленет Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий