• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Алмазбек Атамбаев кар көчкүдөн каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө көӊүл айтып, аларга жардам көрсөтүүнү тапшырды

Президент 0

Бишкек, 20-февраль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 20-февралда Ош облусунун Чоң-Алай жана Кара-Суу райондорунда кар көчкүдөн курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө көӊүл айтты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө табигый кырсыктан кыйраган үйлөрдү калыбына келтирүү жана курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыр тарткандарга зарыл жардамдарды көрсөтүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий