• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Алмазбек Атамбаев: “Кыргызстанда революцияларга чекит коюлду”

Саясат 0

Бишкек, 28-февраль /Кабар/. Кыргызстанда революцияларга чекит коюлду. Бул тууралуу Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев Владимир Путин менен жолугушуунун жыйынтыгы боюнча өтүп жаткан маалымат жыйынында журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Мамлекет башчысы өлкөдө туруктуулук болуш керек. “Революцияларга чекит коюп, иштөө керек. Юиздин өлкө өнүгүп келе жаткан өлкө болуп саналат. Биз өзүбүздүн жолубузду таптык, ошол боюнча өнүгүүгө ишенимдүү бара жатабыз”,-деди А.Атамбаев.

Ошондой эле, ал эгер кимдир бирөө бийликти кааласа шайлоого катышсын деп белгиледи.

Өз кезегинде РФ Президенти В.Путин Россия эч качан башка өлкөлөрдүн, өзгөчө өнөктөш өлкөлөрдүн ички саясий иштерине кийлигишпейт деди. “Бирок, Кыргызстандын Президентинин сөзүнө кошулуп кетким келет. Мурдагы постсоветтик мейкиндиктин барында туруктуулук болушу керек”,-деди ал.

Пикир

Оставить комментарий