• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Алмазбек Атамбаев мамлекеттик иш сапары менен Россияга барды

Президент 0

Бишкек, 14.09.17. /Кабар/. Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 14-сентябрда Россия Федерациясына иш сапары менен барды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, иш сапардын алкагында Сочи шаарында А.Атамбаев менен Россиянын президенти В.Путиндин жолугушуусу болот. Анда эки тараптуу кызматташуу жана ЕАЭБ жаатында сүйлөшүүлөр жүргүзүлмөкчү.

Пикир

Оставить комментарий