• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Атамбаев мамлекеттик сапар менен Россияга учуп кетти

Саясат 0

Бишкек, 19-июнь /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев, мамлекеттик сапары менен Россияга учуп кетти.

Сапар эки өлкөнүн дипломатиялык мамилесинин 25 жылдыгынын алкагында уюштурулган. Анда өлкө башчысы Россия президенти Владимир Путин жана өкмөт башчысы Дмитрий Медведев менен жолугушуусу пландалган.

Кыргызстан Россия дипломатиялык мамилеси 1992-жылы 20-мартта түзүлгөн.

Ошондой эле, Алмазбек Атамбаев Москвадан тышкары, Уфа жана Казань шаарларында болуп, аталган өлкөнүн президенттери менен жолугат.

Белгилей кетсек, бул сапар Алмазбек Атамбаев президент болгондон бери үчүнчү мамлекеттик сапары. 2014-жылы өлкө башчысы Кытайга, ал эми 2016-жылы Индияга барган.

Пикир

Оставить комментарий