• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Алмазбек Атамбаев: “Мамлекеттин азыркы билим берүү, маданий жана маалымат саясаты биринчи кезектеги маанилүү милдеттерден”

Президент 0

Бишкек, 13-март /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 13-мартта өлкөнүн маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаковду кабыл алды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууда Мамлекет башчысына министрликтин азыркы иштери, маданий мекемелердин кызматкерлерине колдоо көрсөтүү чаралары жана өлкөдө кесиптик искусствону андан ары өнүктүрүү багыттары жөнүндө маалымат берилди.

Өткөн жылы коомдун кеӊири колдоосуна ээ болуп, элибиздин тарыхый жана маданий мурасын сактоонун маанисин көрсөткөн Тарых жана маданият жылын өткөрүүнүн жыйынтыктарына токтолгон Түгөлбай Казаков 2017-Ыйман, тарбия жана маданият жылынын алкагында өтө турган иш-чараларды жүзөгө ашыруу планын айтып берди.

Президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттин азыркы билим берүү, маданий жана маалымат саясаты биринчи кезектеги маанилүү милдеттерден болуп саналарын баса белгиледи. Буга байланыштуу Мамлекет башчысы быйылкы жылы жаш муундардын ыйман жана тарбия маселелерин талкуулоого кеӊири коомчулукту тартууга, мамлекет менен коомдун күч аракеттерин адамга жана анын жан дүйнөсүнө топтоо зарылдыгына көӊүл бурду.

Пикир

Оставить комментарий