• 79.5
  • 83.15
  • 1.47
Кыргызское национальное информационное агентство «Кабар»

Алмазбек Атамбаев ооруканага жаткырылды — Жазаларды аткаруу кызматы

Коом 0

Бишкек, 25.05.22. /Кабар/. Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев текшерүүдөн өтүү үчүн ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти.

Белгиленгендей, Атамбаев ден соолугунун начарлашынын себеби аныкталганга чейин кардиологиялык борбордо болот. Мындай чечим сот тарабынан кабыл алынган.

"Дарылоо жолу тандалган соң, биз аны кайра алып кетебиз", - деп билдиришти Жазаларды аткаруу кызматынан.

Эскерте кетсек, мурдагы президенттин адвокаты Замир Жоошев Атамбаевди кардиологиялык борборго текшерүүгө жөнөтүү үчүн КР Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан Жазаларды аткаруу кызматынын дарегине көрсөтмө берилиши керектигин билдирген. Юрист Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан аракетсиздик болуп аткандыгын айткан.

Пикир

Оставить комментарий