• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Алмазбек Атамбаев Оппенхаймер и Ко. Компаниясынын директору менен Кыргызстанга инвестиция тартууну талкуулады

Президент 0

Бишкек, 2-март /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 2-мартта Оппенхаймер и Ко. Компаниясынын башкаруучу директору, “Капитал рыноктору” багыты боюнча компания жетекчиси Джон Тонеллини кабыл алды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууда Кыргызстандын экономикасына инвестицияларды тартуу үчүн биргелешкен иш-чараларды жүзөгө ашыруу боюнча пландар талкууланды. Бул багытта эки тарап тең Европадан жана АКШдан инвесторлорду тартуу үчүн дүйнөлүк рыноктордо Кыргызстандын позитивдүү беделин илгерилетүү жана өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн презентациялоо боюнча таасирдүү чараларды көрүүнүн зарылдыгы белгиленди.

Президент Алмазбек Атамбаев өлкө экономикасынын өнүгүшү жана анын чет өлкөлүк өнөктөштөр менен өз ара пайдалуу мамилелеринин динамикалуу өнүгүшү көбүнчө тышкы рыноктордо өлкөнүн беделинин канчалык сапаттуу экенине жараша болорун белгиледи. Мамлекет башчысы өлкөнүн инвестициялык ыңгайлуулугун реалдуу жогорулатуу, бизнес кылуу үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыздоо боюнча өлкөдө бар артыкчылыктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу пайдалануу үчүн Кыргызстандын экономикасынын келечектүү тармактарына инвестицияларды тартуу максатында активдүү кызматташууга ишеним билдирди.

Маалымат үчүн: Оппенхаймер компаниясы Уолл Стриттеги эң алдыңкы саналган инвестициялык банктардан саналып, дүйнөдөгү эң кадырлуу 30 банктын катарына кирет. Компания 130 жылдан ашык иштеп, дүйнөдө 90дон ашуун өкүлчүлүгү бар жана АКШнын 90 млрд доллар өлчөмүндөгү клиенттик активдерин башкарат.

Пикир

Оставить комментарий