• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Атамбаев өкмөт башчы менен жолугушту

Президент 0


БИШКЕК, 21.08.17. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 21-августта, өлкөнүн Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына Өкмөт башчысы КСДП партиясы тарабынан өлкөнүн Президенти кызматына талапкерлиги көрсөтүлүп, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан талапкер катары катталгандыгына байланыштуу отставкага кетүү тууралуу чечим кабыл алгандыгы жөнүндө маалымдады.

С.Жээнбековдун айтымында коомдук-саясый кырдаалдын стабилдүүлүгү жана Кыргызстандын саясый системасынын туруктуулугу өлкөбүз президенттик шайлоолордун жыйынтыктарын күтпөстөн эле жаңы Өкмөткө ээ болушу үчүн жана ошондой эле “административдик” ресурс деп аталган нерсенин тегерегинде түрдүү чайкоочулукка жол бербөө максатында Мамлекет башчысына Премьер-министрдин кызматынан отставкага кетүү жөнүндө өтүнүч менен кайрылууга мүмкүнчүлүк берет.

“Алмазбек Шаршенович, Сиз ар дайым ушул позицияны колдоп келгенсиз, ошондуктан эл Сизди шайлоолорду таза өткөрүүнүн демилгечиси гана болбостон, анын кепилдиги дагы деп эсептейт. Ошондуктан менин отставкамды кабыл алышыңызды өтүнөм. Мен үчүн бардык талапкерлерге бирдей шарттар түзүлгөнүнө эч кандай күмөн саноо болбогон шайлоолордо жеңишке жетишүү принципиалдуу мааниге ээ»,- деп кайрылды С. Жээнбеков.

Президент Алмазбек Атамбаев С. Жээнбековдун отставка тууралуу арызын кабыл алды жана бул кадам анын бийик адамгерчилигинин жана ак ниеттигинин жаңы далили катары эсептээрин белгиледи. “Премьер-министр кызматында Сизге жүктөлгөн ишенимди толук актадыңыз деп эсептейм. Сиз жетектеген кабинет мен Президент болгон мезгилдеги эң жакшы Өкмөт болду”.- деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Пикир

Оставить комментарий