• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Алмазбек Атамбаев: “Президенттик шайлоодо өлкөдөгү абалды туруксуздандыра алышпайт”

Президент 0

Бишкек, 24-март /Кабар/. Үстүбүздөгү жылы күзүндө өтө турган президенттик шайлоо учурунда өлкөдөгү кырдаалды туруксуздандыра алышпайт. Бул тууралуу бүгүн Президент Алмазбьек Атамбаев журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Мамлекет башчысы өлкөдөгү абалды туруксуздандырууга жана туруктуулукту бузууга аракет кылгандардын бары жазаланат деп баса белгиледи. “Өлкөдө 3-революцитя болбойт”,-деди А.Атамбаев.

Ошондой эле, ал элдин колдоосуна үмүттөнөөрүн белгиледи. “Американын “Геллал” коомдук пикир институтунун изилдөөсү мамлекет башчысын калктын 77%ы колдой турганын көрсөттү. Эл менин президенттик мөөнөтүм бүткөндөн кийин мен кайда отурганымдан көз каранды үнүмдү уга алышат. Мени коңшу өлкөлөрдүн президенттери бир канча жолу экинчи мөөнөткө баруума ынандырышты. Эгер мен калып, кандайдыр бир кызматты ээлегим келсе, башкача референдум өткөрмөкмүн”,-деди ал журналисттин президенттик мөөнөттөн кийин кайсыл кызматка барууну ниеттенип жатасыз деген суроосуна жооп берип жатып.

Мындан тышкары, ал саясатта калуу үчүн сөзсүз эле кандайдыр бир кызматты ээлөө керек эмес деп билдирди.

Пикир

Оставить комментарий