• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Алмазбек Атамбаев шайланган Президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушту

Президент 0

Бишкек, 03.11.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 3-ноябрда Кыргыз Республикасынын шайланган Президенти Сооронбай Жээнбеков менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Президент Алмазбек Атамбаев Сооронбай Жээнбековду Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына шайланышы менен куттуктады.

Мамлекет башчысы ачык жана демократиялуу өткөрүлгөн президенттик шайлоолордун жыйынтыгы Сооронбай Жээнбековго кыргызстандыктардын жогорку ишенимин жана өлкөнүн жаңы Президентине зор үмүтүн ырастап тургандыгын баса белгиледи.

Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн ички жана тышкы саясатындагы актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий