• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Алмазбек Атамбаев Сочи шаарына өзүнүн иш сапарын токтотту

Президент 0

Бишкек,09.10.17./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 2017-жылдын 10-11-октябрына болжолдонгон Россия Федерациясынын Сочи шаарына өзүнүн иш сапарын токтотту. Бул тууралуу президенттик аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мамлекет башчысы Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин катышуучу-мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин жана Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйындарына катышат деп болжолдонгон.

Шайлоолор күнү айрым саясатчылар тарабынан криминалдарды тартуу менен, ошондой эле мындай саясатчыларды чет мамлекеттерден финансылык жактан колдоосу менен массалуу баш-аламандыктарга даярдык көрүү боюнча аныкталган фактыларды эске алып, Президент өлкөдө тартипти жана коопсуздукту жеке өзү контролдоо үчүн иш сапардан баш тартууну чечти.

Президент Алмазбека Атамбаевдин тапшырмасы менен Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин катышуучу-мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин жана Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйындарына катышуу үчүн Сочи шаарына Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков баштаган Кыргыз Республикасынын делегациясы жөнөйт.Президент Алмазбек Атамбаев Сочи шаарына өзүнүн иш сапарын токтотту

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 2017-жылдын 10-11-октябрына болжолдонгон Россия Федерациясынын Сочи шаарына өзүнүн иш сапарын токтотту. Мамлекет башчысы Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин катышуучу-мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин жана Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйындарына катышат деп болжолдонгон.

Шайлоолор күнү айрым саясатчылар тарабынан криминалдарды тартуу менен, ошондой эле мындай саясатчыларды чет мамлекеттерден финансылык жактан колдоосу менен массалуу баш-аламандыктарга даярдык көрүү боюнча аныкталган фактыларды эске алып, Президент өлкөдө тартипти жана коопсуздукту жеке өзү контролдоо үчүн иш сапардан баш тартууну чечти.

Президент Алмазбека Атамбаевдин тапшырмасы менен Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин катышуучу-мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин жана Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйындарына катышуу үчүн Сочи шаарына Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков баштаган Кыргыз Республикасынын делегациясы жөнөйт.

Пикир

Оставить комментарий