• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Алмазбек Атамбаев «Tokyo Rope MFG Co., Ltd» жана «MITSUI & CO. STEEL LTD» япон компанияларынын жетекчилерин кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 2-март /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 2- мартта «Tokyo Rope MFG Co., Ltd» компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Шигето Танаканы жана «MITSUI & CO. STEEL LTD» компаниясынын вице-президенти Шюджи Мурамацуну кабыл алды. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жолугушууда жапон компанияларынын жетекчилери Мамлекет башчысына Кыргызстанда өндүрүштүк ири долбоорлорду ишке ашыруу пландары жөнүндө айтып беришти. Тагыраак айтканда, «Tokyo Rope MFG Co., Ltd» компаниясынын башчысы тийиштүү квалификациялуу адистерди даярдоо менен Кыргызстанда таш кулоолордон, селдерден, кар көчкүлөрдөн, жер көчкүлөрдөн сактоочу системаларды өндүрүү боюнча объектилерди ишке киргизүү ниети бар экенин билдирди. «Tokyo Rope MFG Co., Ltd» компаниясы өндүрүүнү божомолдоп жаткан продукция регионалдык инфраструктуралык жана энергетикалык ири долбоорлор ишке ашырылып жаткан биздин региондун тоолуу өлкөлөрүндө жогорку суроо-талапка ээ экендиги белгиленди.

Президент Алмазбек Атамбаев жапондук ири инвестициялардын жардамы менен Кыргызстанда бул долбоорлорду ишке ашыруу жапон бизнеси үчүн гана маанилүү сигнал болбостон, жалпысынан биздин өлкөбүздүн инвестициялык ыңгайлуулугун арттырууга көмөк болоорун баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий