• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Алмазбек Атамбаев: “Укук коргоо органдары ийне-жибине чейин териштирип, мыйзам бузгандарды жоопкерчиликке тартат деп ишенем”

Президент 0

Бишкек, 27-февраль /Кабар/. Бүгүн, 27-февралда «Мекен шейиттери», «Айкөл-Ала-Тоо», «Эр Теги» жана «Апрель байрагы» коомдук уюмдарынын өтүнүчү боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөдөгү азыркы абалды жана Апрель элдик революциясынын 7 жылдыгына байланыштуу иш-чараларды өткөрүү маселелерин талкуулоо үчүн алардын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

2010-жылдын 7-апрелинде курман болгондордун туугандары жана жаракат алган жарандар, ошондой эле апрель окуялары учурунда Бишкек шаарынын жашоочуларын кыйроо-талоондордон жана мародерлуктан коргошкон активисттер айрым саясатчылардын кылган кылмышы үчүн жоопкерчилик тартуудан качууга аракеттенип жатканын айыпташты. Алар коррупцияга жана мародерлукка белчесинен малынган адамдар Апрель революциясынын баатырларынын жаркын элесине көлөкө түшүрүп гана чектелбестен, өздөрүнүн уурулугу жана паракорлугу үчүн жооп бере турган убак келгенде баатырлардын ыйык атын жамына калгысы келгенине өзгөчө нааразылык билдиришти. «Курман болгон баатырлардын атын пайдаланууга алардын моралдык укугу жок. Алар буга татыктуу эмес», - деди «Эр Теги» коомдук уюмунун теңтөрагасы Айчүрөк Камаева. Анын атасы Үсөнбек Камаев 7-апрелде «Ала-Тоо» аянтында курман болгон.

Президент Алмазбек Атамбаев көп жагынан коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн пикирлерине кошула тургандыгын белгиледи, бирок, аларды мыйзамдуулукка чакырды. «Укук коргоо органдары ийне-жибине чейин териштирип, аныгына чыгат жана мыйзам бузгандарды жоопкерчиликке тартат деп ишенем. Эч кандай бийликке басым көрсөтүү аларга жардам бербейт. Өлкөдө эми кол тийгистер жок. Бул бардык бийлик бутактарынын азыр иштеп жаткан жетекчилерине да, мурда иштегендерине да тийиштүү. Ал эми өлкөбүздүн келечеги үчүн курман болгондордун эрдиги аркасында 7-апрелден кийин өлкө жеткечилигине келгендердин эл алдындагы жоопкерчилиги эки эсе жогору!», - деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Пикир

Оставить комментарий