• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Алмазбек Атамбаев жана биринчи айым КР президентин шайлоодо өз добуштарын беришти

Шайлоо 2017 0


Бишкек, 15.10.17. /Салтанат Абдраева - Кабар/. Кыргызстандын башчысы Алмазбек Атамбаев жана биринчи айым Раиса Атамбаева бүгүн Бишкектеги №5 кесиптик лицейде жайгашкан №1209 шайлоо тилкесинде КР президентин шайлоого катышып, өз добуштарын беришти.

Шайлоо тилкесинде бир урна жана добуш берүү үчүн 3 бөлмө жайгашкан.

Бардыгы болуп ар кайсы уюмдардан 35 байкоочу катталган. Учурда тилкеде 16 байкоочу бар.

Эске сала кетсек, бардыгы болуп шайлоо тилкесинде 1 миң 153 шайлоочу катталган.

Пикир

Оставить комментарий