• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Алмазбек Атамбаев жер титирөөгө байланыштуу Иран Президентине көңүл айтты

Коом 0

Бишкек, 14.11.17./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Ирандын батыш провинцияларындагы жер титирөөнүн кесепетинен көп адамдар каза таап, олуттуу талкалоолор болгондугуна байланыштуу Иран Ислам Республикасынын Президенти Хасан Роуханиге көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

“Каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, жабыр тарткандардын бардыгы тезирээк сакайып кетишин кааларымды жеткирип коюуңузду өтүнөм”, -деп белгиленет Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий