• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Алмазбек Баатырбеков «Актилек автожол» көзөмөл-өткөрүү жайынын ишин текшерди

Өкмөт 0

Бишкек, 24.06.20. /Кабар/. КР биринчи вице-премьер-министри Алмазбек Баатырбеков «Актилек автожол» көзөмөл-өткөрүү жайынын ишин, жүк ташуучулардан вирустун бар же жогун аныктоо үчүн иштелип чыккан алгоритмдин аткарылышын жеринен текшерди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

«Актилек автожол» көзөмөл-өткөрүү жайында жүк ташуучуларды медициналык жактан текшерүү шарттары талаптагыдай жүрүүдө, зарыл болгон шартка тез жардам кызматы уюштурулган.

«Учурда кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү жайында кооптуу инфекциянын өлкөгө кирүүсүнө жол бербөө боюнча бардык тармактык мамлекеттик кызматтар белгиленген тартипте иштеп жатат. Бекет аркылуу өткөн ар бир унаа жана бардык жүк дезинфекцияланууда», - деп баса белгиледи Алмазбек Баатырбеков.

Муну менен катар биринчи вице-премьер-министр көзөмөл-өткөрүү жайларында иштеп жаткан ар бир кызматкер коопсуздук чараларын сактоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Коронавирус инфекциясын жуктуруп алган жарандардын саны көбөйүп жатканыдыгына байланыштуу жүк ташуучулардан анализ алуу иши санитардык-гигиеналык эрежелерди сактоо менен кынтыксыз жүргүзүлүүгө тийиш. Көзөмөл-өткөрүү жайында иштеп жаткан тармактык органдардын кызматкерлери коопсуздук чараларын жана санитардык эрежелерди сактоо зарыл», - деди Алмазбек Баатырбеков.

Биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков Транспорт жана жолдор министрлигине жүк ташуучулардын арызы боюнча оор салмак өлчөөчү комплекстин ишинин үзгүлтүксүз жүрүшүн камсыз кылууну, Мамлекеттик салык кызматына мобилдик топтордун актыларынын бирдиктүү типтүү формасын тез арада иштеп чыгууну, ал эми Саламаттык сактоо министрлигине эпидемилогиялык кырдаалдын начарлашына байланыштуу чек арадан өтүүнүн алгоритмин кайрадан карап чыгуу тапшырмасын берди.

Мындан тышкары экономикалык абалды эске алуу менен чек арадагы көзөмөл-өткөрүү жайларынан өтүүнүн жол-жобосун жеңилдетүү боюнча чараларды сунуш кылууну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий