• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан менен АКШ билим берүү жаатындагы кызматташтыкты арттырууну макулдашты

Билим 0

Бишкек, 23.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 23-мартта КР билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев АКШнын Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер жана АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин коомчулук менен байланыштар боюнча бөлүмүнүн башчысы Шэйна Крам менен жолугушту.

Министр Кыргызстандагы билим берүүнү өнүктүрүүгө жана өлкөдө англис тилин жайылтууга кошкон көп жылдык салымы үчүн АКШ элчилигине ыраазычылык билдирди.

А. Бейшеналиев билим берүүдө чет тилдердин, анын ичинде англис тилинин, ролун күчөтүү маанилүү экенин, анткени көптөгөн алдыңкы билимдерди окуучулар чет жактык булактардан англис тилинде ала алышарын белгиледи.

Ошондой эле министр быйыл Кыргызстанга азыраак ыктыярчы жөнөтүлгөнүн, бирок Министрлик өлкөнүн билим берүү уюмдарында англис тилин окутуу үчүн АКШдан көбүрөөк сандагы ыктыярчыларды тартып келүүгө кызыкдар экенин айтты.

Өз кезегинде Соната Н. Коултер билим берүү ЮСАИДдин миссиясынын артыкчылыктуу багыты болуп саналарын билдирди. Ошондой эле ал Кыргызстандын билим берүү уюмдарында англис тилин окутууну уюштурууга кызыгуу күч экенин белгилеп, бул маселеде министрликке көмөктөшүүгө, ошондой эле англис тилин жайылтууга багытталган башка да биргелешкен демилгелерди кароого даяр экенин айтты.

Андан тышкары, АКШ элчилигинин өкүлдөрү быйыл чындыгында эле азыраак ыктыярчы тартылганын, Министрликтин жардамы менен Элчилик көбүрөөк ыктыярчы тартып келүүгө даяр экенин маалымдашты.

Министр АКШ элчилигинин өкүлдөрүнө биргеликте жүргүзүлүп жаткан иштер үчүн рахмат айтып, Тынчтык корпусунун ишин жогору баалай тургандыгын белгиледи.

Кыстара кетсек, Тынчтык корпусунун алкагында АКШнын ыктыярчылары Кыргызстандын мектептеринде англис тилин окутуп жатышат.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты жигердүү улантууга жана Кыргызстандагы билим берүүнү өнүктүрүү үчүн өз ара көмөктөшүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий