• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

ИИМ: Алмазбек Бейшеналиев пара катары алган 37 миң 500 долларды тергөө органдарына өткөрүп берди

Укук тартиби 0

Бишкек, 30.09.22./Кабар/. Билим берүү жана илим министрине карата ири өлчөмдөгү пара алуу боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө иши уланууда. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирет.

ИИМге келип түшкөн жабырлануучунун өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу фактысы боюнча арызынын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында Ички иштер министрлигинин ыкчам кызматтары тарабынан билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев ири өлчөмдө пара алуу учурунда кармалган.

"Иликтөө иштеринин жүрүшүндө чет өлкөлүк студенттерге атамекендик жогорку окуу жайларына кабыл алуу боюнча Өкмөттүн токтому керек. Токтом чыгаруу жөн эле болбойт, маселени чечип берем деп 100 миң доллар алган. Бул окуя 2022-жылдын 28-август күнү болгондугу аныкталган. Андан соң токтом толук кандуу болбой калыптыр деп кайра кайрылганда, аны тездетиш үчүн дагы 10 миң доллар керек деп сүйлөшүү жүргүзүп, жыйынтыгында 2022-жылдын 28-сентябрь күнү пара алуу учурунда кармалган", - деп айтылат маалыматта.

Кылмыш ишин тергөөнүн алкагында чет өлкөлүк студенттерди ата мекендик жогорку окуу жайларга кабыл алууда билим берүү жана илим министри өзгөчө ири өлчөмдө 110 миң АКШ долларын пара катарында алгандыгы тастыкталды.

ИИМден кошумчалашкандай, тергөөнүн жүрүшүндө пара катары алган 37 миң 500 долларды үйүнөн алып, тергөө органдарына өткөрүп берди.

Министрдин айтымында, калган сумманы иштетип жиберген. Аны таап тергөө кызматына алып келүү милдеттенмесин алды.
Калган маалымат тергөөнүн купуялуулугуна байланыштуу азырынча айтылбайт.

Тергөө иш чаралары аяктаганда толук маалымат берилет.

Бүгүн Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту тарабынан баш коргоо чарасы каралып Б.А. эки айга УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.

Тергөө амалдары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий