• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Алмазбек Бейшеналиев Жарандык коргонуу эл аралык уюмунун башкы катчысы менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 25.06.21. /Кабар/. Кыргызстандын Женевадагы БУУ жана башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү Алмазбек Бейшеналиев Жарандык коргонуу эл аралык уюмунун (ЖКЭУ) башкы катчысы Мариату Япга 24-июнда сапары менен барып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Бейшеналиев ЖКЭУну 90-жылдык мааракеси менен куттуктап, жаратылыш жана техногендик кырсыктардан калкты коргоо жана жардам көрсөтүү жаатында уюмдун маанилүү иш-аракеттерин колдоп, уюмдун алкагында Кыргызстандын жигердүү кызматташууга бекем ниеттенип жаткандыгына ишендирди.

Ал Кыргызстанда дайвинг жана тоо кырсыгынан куткаруу курстарын үзгүлтүксүз уюштургандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирип, ушул жылдын август айында кыргыз тарап бул курстарды уюштурууга даяр экендигин белгиледи.

Өз кезегинде Мариату Яп уюмдун кыргыз өнөктөштөрү менен өз ара аракеттенүүнү активдештирүүгө умтулгандыгын баса белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстанда гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча аймактык борборду ачуу боюнча кызматташууга даяр экендигин билдиришти.

Маалымат: Эл аралык жарандык коргонуу уюму өкмөттөр аралык уюм болуп саналат. Анын максаты мамлекеттерге калкты коргоону жана жардам көрсөтүүнү, ошондой эле табигый жана техногендик кырсыктардын алдында менчикти жана айлана-чөйрөнү коргоону камсыз кылуучу түзүмдөрдү түзүүгө жардам берүү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий