• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Алмазбек Орозалиев Бишкек шаардык милициясын жетектей турган болду

Коом 0

Бишкек, 25.08.20. /Кабар/. Ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

"Учурдагы Бишкек ШИИББдин башчысы Канат Жумагазиев парламенттик шайлоого катышып жаткандыктан, өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу убактылуу токтотулду", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий