• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Алтай форумун эки жылда бир жолу өткөрүү сунушталды

Маданият 0

Чолпон-Ата, 22-июль /Салтанат Абдраева – Кабар/. Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан «Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдер» форумунда аталган форумду эки жылда бир жолу өткөрүп туруу сунушу айтылып, аны катышуучулар колдоого алды.

Окумуштуулар арасында форумду өткөрүү мезгили боюнча талаш чыкты. Төрт жылда бир өткөрүү сунушу айтылды. Бирок катышуучулар үч жылда бир жолу өткөрүп туруу керектигин билдиришти.

Анткен менен Алтай-Тоо кен университетинин тарых илимдеринин кандидаты, археология жана жалпы тарых кафедрасынын доценти Надежда Тадина форумду ар жыл сайын өткөрүү ашыкча болоорун, ал эми төрт жылда бир өткөрүү узак экенин айтты.

“Эки жылда бир өткөрүп туралы. Себеби биз азыр тез өзгөрүп туруучу заманда жашап жатабыз. Мындан улам көп нерсе өзгөрүп кетиши ыктымал. Менимче бул оптималдуу вариант болот”,-деди Тадина.

Мындан тышкары Бишкекти алтайчылардын борбору кылуу сунушу айтылды.

Пикир

Оставить комментарий