• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

“Алтай цивилизациясы жана алтай тектүү элдери” эл аралык форумунун декларациясы

Коом 0

Бишкек, 24-июль /Кабар/. Кыргызстанда 21-22-июлда өткөн “Алтай цивилизациясы жана алтай тектүү элдер” эл аралык форумунун декларациясы:

"Биз, “Алтай цивилизациясы жана алтай тектүү элдер” эл аралык форумунун катышуучулары, элдерибиздин жалпы тарыхый-маданий мурастарына негизденип, кызматташуунун жаңы этабына өтүүгө умтулуу аракети менен биригип:

● Алтай адамзат цивилизациясынын бир бешиги болуп эсептелип, кылымдар бою элдерибизди жалпы тарыхы жана маданияты аркылуу байланыштырып келет белгилейбиз;

● азыркы шарттарда алтай тектүү элдердин жалпылыгынын идеясын изилдөө жана өнүктүрүү, алтай цивилизациясын изилдөө жана жайылтуу боюнча илимий изилдөөлөргө жаңы дем берүүгө багытталган Кыргыз Республикасынын аракетин колдоого алабыз;

● алтай цивилизациясына кирген жана алтай тектүү элдердин тилин, тарыхын, маданиятын изилдөөгө салым кошкон саякатчылардын жана изилдөөчүлөрдүн мууну алдында таазим этебиз;

● жалпы тектеш элдердин алтайлык тарыхый-маданий жана энтогенетикалык тегин изилдеген илимий изилдөөлөрдүн натыйжаларын жана илимдердин азыркы абалын, ошондой эле алардын ортосундагы илимий-билим берүү, маданий байланыштарынын калыптанган моделдерин жана тажрыйбасын көңүлгө алабыз;

● кайталангыс маданияттарды жана тилдерди сактоонун, алтай элдеринин тарыхый-маданий мурастарын тереңдеп изилдөөнүн жана жайылтуунун маанисин түшүнөбүз;

● жаратылыш менен шайкеш жашоо элдерибиздин эң жогорку салттуу баалуулуктарынын бири болуп саналаарын моюнга алабыз, келечекте алардын мааниси улам өсө бериши аларды изилдөөнү жана жайылтууну шарттайт;

● жалпы алтай тектүү элдер менен өлкөлөрдүн ортосундагы илимий-билим берүү жана маданий байланыштарын өнүктүрүүнүн жаңы этабы элдерибиздин жана кызыкдар өлкөлөрдүн ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү тереңдетүүгө, кызматташтыкты кеңейтүүгө өбөлгө болот деп ишенебиз;

● Форум алтай цивилизациясынын элдеринин илимдеги, билимдеги жана маданияттагы жетишкендиктерин жалпылоо, эл аралык комплекстүү гуманитардык жана башка долбоорлорду ишке ашыруу үчүн дайыма иштеген аянтча жана натыйжалуу механизм болуп калат деп ишенебиз;

●Форум алтай цивилизациясынын мурастарын сактап калууга жана өнүктүрүүгө салым кошот жана ал мурастарды цивилизациялардын жана маданияттардын глобалдуу диалогунун бөлүгү катары кийинки муундарга өткөрүп берүүгө өбөлгө түзөт деп ишенебиз.

Жогоруда баяндалгандарга таянып, Форумдун жыйынтыгы менен алтай цивилизациясынын элдери жашаган Евразия мамлекеттеринин жетекчилигине кайрылабыз:

1.Кыргыз Республикасынын жетекчилигинин Алтайда “Алтай цивилизациясы” тарыхый-маданий борборун түзүү идеясын колдоого алуу.

2. Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында “Алтай цивилизациясын изилдөө институту” эл аралык илимий-изилдөө борборун уюштуруу идеясын ишке ашырууга көмөк көрсөтүү, ошондой эле ага караштуу эл аралык эксперттик жана камкорчулар кеңешин түзүү мүмкүнчүлүгүн караштыруу.

3.Евразиянын мейкиндигинде түзүлүп, евразия өлкөлөрүнүн интеграциясын чыңдоого умтулган аймактык уюмдар менен өз ара аракеттенишүү.

4. Комплекстүү дисциплиналар аралык илимий изилдөөлөрдүн программаларын ишке ашырууну, илимий, маданий, гуманитардык уюмдардын өкүлдөрүн тартуу менен, жыл сайын алардын отчеттук материалдарын жыйноо менен, борборлоштуруп координациялоо менен, археологиялык жана тарыхый-маданий эстеликтерди, жазма булактарды биргелешип изилдөөнү демилгелөө.

5. Тилдерди жана маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү максатында туруктуу негизде окумуштуулар, маданият жана искусство ишмерлери менен алмашууларды уюштуруу, алтай тектүү элдердин жалпы тарыхый-маданий жана этногенетикалык байланыштарын жайылтуу.

6. Жаңы жана актуалдуу изилдөөлөрдү жарыялоо үчүн “Алтай цивилизациясы” илимий-популярдуу басылма жана электрондук журнал чыгарууну уюштуруу, ал изилдөөлөрдүн натыйжаларын жайылтууга багытталган долбоорлорду ишке ашыруу, жалпыга маалымдоо каражаттарын кеңири пайдалануу.

7.Конференциялар аралыгында уюштуруу комитетинин жумушчу отурумдарын уюштуруу менен, Форумду жыл сайын өткөрүүнү сунуштоо".

Пикир

Оставить комментарий