• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Алтай, Жетон, Дон. Кыргызстан боюнча 98 баш асыл тукум букалардын тизмеси түзүлдү

Коом 0

Бишкек, 19.05.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Айыл, токой жана суу чарба министрлиги айыл жерлерде фермер, дыйкандардын малдарынын асылдуулугун жана өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында, республика боюнча сатыкка чыккан 98 баш асыл тукум букалардын тизмесин тактап түздү.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, бул асыл тукум букалардын ата-теги тастыкталган, асыл тукум карточкалары толтурулган жана ветеринардык справкалары бар букачарлар болуп эсептелинет жана ошондой эле баасы жана даректери көрсөтүлгөн.

Ошондой эле министрликтин астындагы жайыт, асыл тукум мал чарба департаменти райондор менен тыгыз байланышта иш алып барып, асыл тукум букаларды таратуу жана жасалма жол менен уруктандыруу пункттарын ишке киргизүү иштерин көзөмөлгө алууда.

Бул долбоордун ишке ашуусу үчүн министрлик айыл өкмөттөргө, дыйкан чарбаларга, фермерлерге, жергиликтүү донордук уюмдардын көмөктөшүсү менен тыгыз иштерди жүргүзүү жолу менен каржы булактарды табуу аркылуу, аталган тизмедеги букалардан сатып алуу жана айыл бададагы уйлардын асылдуулугун жогорулатуу үчүн иштерди алып баруусун сунуштайт.

Пикир

Оставить комментарий