• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Алтайчылардын форуму Ысык-Көлдө уланууда

Маданият 0

Бишкек, 21-июль /Салтанат Абдраева – Кабар/. Ысык-Көлдөгү Чолпон-Ата шаарында орун алган №2 мамлекеттик резиденциясында «Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдер» форуму уланууда.

Иш чара үч секцияда өтүп жатат: лингвистика; тарых; археология, этнография; ошондой эле, заманбап алтайчылардын методологиясы, теориясы жана ыкмасы.

Аталган секцияларда тажрыйбалуу адистер алтай цивилизациясынын келип чыгышын талкуулашууда.

Эртең, 22-июлда «Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдер» темасында тегерек стол уюштурулуп, соңунда эл аралык форумдун декларациясы кабыл алынат.

Белгилей кетсек, «Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдер» форуму 20-июлда Бишкекте ачылган. 21-22-июлда Ысык-Көлдө уланууда.

Пикир

Оставить комментарий