• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Алтайчылардын форумун өткөрүү саясий-экономикалык байланышты бекемдейт-Хакасия филологу

Коом 0

Бишкек, 20-июль /Салтанат Абдраева – Кабар/. «Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдер» форумундай иш чараларды өткөрүү тарыхый-маданий эле эмес, саясий-экономикалык байланыштарды дагы бекмдейт. Бул тууралуу Хакасия мамлекеттик университетинин мугалими, филология илимдеринин доктору Андрей Каксин билдирди.

Анын айтымында, мындай форумдар элдин өнүгүү жолун, тарыхый жана заманбап мейкиндикте өзүнүн ордун көрсөтөт. Бул тилде, маданиятта жана башка тармактарда байкалат. “Алтай цивилизациясы” бир эле түрк тилдүү элдердин эмес Алтайды өзүнүн түпкү теги катары эсептеген бардык элдердин башын бириктирет.

“Чындыгында мындай элдер көп экен, бирок азыркы заманда алардын тилдери, этнографиялык маданияты ар башкача. Анткен менен бардыгын кандайдыр бир түпкү күч бириктирип турат. Аны Алтайда пайда болгон генетикалык, эволюциялык байланыш десек болот. Алтай масштабдуу географиялык аймактардын катарын толуктайт. Андан көптөгөн түрк, монгол, индус-маньчжурлук элдер тараган. Окумуштуулар буга тамильдик жана япониялык элдерди кошуп жүрөт”,-дейт Каксин. Ошондой эле, филолог бул форум көйгөйдү көтөрүү максатында өтүп жатканын баса белгиледи.

“Жаштарга Алтай цивилизациясын түзгөн көптөгөн элдердин байланышы түшүнүксүз болуш керек. Ошондуктан аларга бир борбордон көптөгөн элдер тараган деген маалыматты жеткиришибиз керек. Экинчи - максат аталган аймакта пайда болгон мамлекеттердин ортосунда мамлекеттик жана коомдук түзүлүштөргө кандайдыр бир саясий түрткү берүү болуп саналат”,-деди филолог.

“Мындай форумдар тарыхый-маданий байланыштарды гана эмес, саясий-экономикалык байланыштарды дагы бекемдейт”,-деп билдирди Андрей Каксин. Эскерте кетсек, Бишкекте «Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдер» форуму өтүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий