• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Алтайда Катун дарыясына чөгүп кеткен КР жаранынын сөөгү табылып, мекенине жөнөтүлдү

Кырсык 0

Бишкек, 06.08.21. /Кабар/. Россия Федерациясынын Алтай Республикасындагы Катун дарыясына чөгүп кеткен Кыргыз Республикасынын жаранынын сөөгү табылып, 4-августта мекенине жөнөтүлгөн. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугу билдиргенин КР Тышкы иштер министрлиги маалымдайт.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 20-июлунда Башкы консулдукка Алтай Республикасындагы Кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнөн “Мастерафт” компаниясында рафтинг боюнча инструктор болуп иштеген 1996-ж.т. Кыргыз Республикасынын М.С. аттуу жараны Катун дарыясынын Телдекпень-2 аймагында рафтинг учурунда чөгүп кетип, анын сөөгү изделип жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү полиция жана өзгөчө кырдаалдар органдары менен биргеликте аталган жаранды бир нече күн издешкен, бирок сөөгүн таба алышкан эмес.

Ушул жылдын 30-июлунда эс алууда жүргөн туристтердин бири Кыргыз Республикасынын М.С. аттуу жаранынын сөөгүн Еланда аймагынын Катун дарыясында таап, полицияга билдирген.

Кыргыз диаспорасынын жардамы менен аталган жарандын сөөгү Кыргызстанга 2021-жылдын 4-августунда жөнөтүлгөн. Башкы консулдук тарабынан Кыргызстанга «Жүк-200дү» жеткирүүгө кеткен чыгымдарды жабуу үчүн 70 миң рубль өлчөмүндө компенсация төлөнүп берилген.

Кыргызстандын жараны каза болгон бул окуянын иликтенишин Башкы консулдук көзөмөлгө алды. РФтин ТИМдин Барнаул шаарындагы өкүлчүлүгүнө, Алтай Республикасынын тергөө жана көзөмөлдөө органдарынын башчыларынын дарегине иштин тергелишин көзөмөлгө алуу өтүнүчү жөнүндө Башкы консулдуктун кайрылуулары жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий