• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Алты айда “102” кызматына дээрлик 31 миң чакыруу түшкөн

Коом 0

Бишкек, 14.07.22. /Кабар/. Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын башчысы Алмаз Исаков “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынынын жүрүшүндө 6 айдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, башкармалык жол кыймылынын коопсуздугунан тышкары 102 кызматы боюнча дагы иш алып барат.

“6 айда “102” кызматы боюнча 30 миң 867 чакырууну тейленген. Анын ичинен 18 миң 416сы такталып, 12 миң 451и такталган эмес. Чакырууларды тейлөө учурунда райондук ички иштер бөлүмдөрүнө 9 миң 361 жаран жеткирилген. Анын ичинде үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 516 коргоо ордери берилген, жашаган жери жок 506 адам “Коломтого” жеткирилген, тилемчилик кылган 147, алдын алуу иштерин жүргүзүү үчүн 32 бала өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясына жеткирилген”, - деди ал.

Ал белгилегендей, ушул аралыкта кылмышка шектүү 317 жаран изи сууй электе кармалган.

“Анын ичинде адам өлтүрүү – 3, адам уурдоо – 5, каракчылык – 5, тоноо – 14, уурдоо – 40, бебаштык боюнча – 193 факты аныкталып, шектүүлөр тергөө бөлүмдөрүнө жеткирилген”, - деди Исаков.

Ал башка кызматтар менен биргеликте 13 кылмыштын бети ачылганын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий