• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Алты айдын ичинде 10 миңге жакын өзбекстандык орус жарандыгын алган

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 21.09.18. /Кабар/. Быйыл январдан июнга чейин 10 миңге жакын өзбекстандык Орусиянын жарандыгын алган. Мындан тышкары 75 миңден ашык өзбек жараны Орусияда туруктуу жашап туруу укугуна ээ болгон.

Орусиянын Ички иштер министрлигинин сайтындагы маалыматка караганда, 2018-жылга карата 2,2 миллион өзбек жараны миграциялык каттоого турган. Бул аралыкта 11 миллиондон ашык өзбекстандык иштеп, 10 миңге жакыны окуу жайларда билим алса, дагы 4 миңге жакыны Орусияга турист катары барган.

Орусия жарандыгын 2012-жылы 13 миң 400 өзбекстандык алса, 2017-жылы алардын саны 23 миң 300 адамды түзгөн.

Расмий маалыматка ылайык, өткөн жылы өзбекстандыктар орус жарандыгын эң көп алган беш өлкөнүн катарына кирген. Былтыр орус паспортун Украинанын 85,1 миң, Казакстандын 40,7 миң, Тажикстандын 29 миң, Армениянын 25 миң жараны алган.

Ал эми 2018-жылдын алты айында орус жарандыгын алган кыргызстандыктардын саны 4 миң 392 адамды түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий