• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Алты кызматкер COVID-19га чалдыккан. Жалал-Абад облустук соту карантинге жабылды

Аймак 0

Бишкек, 16.10.20. /Кабар/. Жалал-Абад облустук соту 16-октябрдан тартып 29-октябрга чейин карантинге жабылганды. Бул тууралуу Жогорку соттук төрайымы Гүлбара Калиева жергиликтүү соттор менен видеоконференция байланышын өткөргөндө маалым болду деп билдирет Жогорку соттун басма сөз кызматы.

Билдирүүдө айтылгандай, мындай чечим Жалал-Абад шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан жабуу боюнча корутунду келгендигине байланыштуу кабыл алынган.

"Мындан улам Жалал-Абад облустук сотундагы бардык кызматкерлер үй карантинге чыгарылды. Аталган облустук соттун 6 кызматкеринен коронавирус аныкталган", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий