• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Алтыбаева: "Акыркы жылдары аялдардын саясый активдүүлүгү кыйла арта баштады"

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 23-июнь /Кабар/. Жогорку Кеңештин VII чакырылышында эгер депутат болуп шайланып келген айымдар өкмөт курамына кете турган болсо, алардын ордун аял депутат алмаштыра алат. Бул тууралуу азыркы VI чакырылыштагы депутат айымдардын кыйла убакыттан бери сунуштап келе жаткан демилгелерин ишке ашыра турган мыйзам кабыл алынды, - дейт ЖК депутаты Айнуру Алтыбаева кечээ, 22-июнда “Парламент” радиосунун түз эфиринде болуп. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоолордо бекемделген тизме сакталат. "Негизи аялдарды саясатка тартууда утушка эле жетишпесек, эч нерседен уттурбайбыз. Анткени алардын (аялдардын) саясый активдүүлүктөрү артып жаткандыгына күбөбүз",- дейт депутат.

Ошондой эле, парламентте иштеп жаткан депутат айымдардын форумун жетектөө милдети ар бир фракциянын өкүлдөрүнө ротациялык жол менен өткөрүлүп тураарын атаган А. Алтыбаева, - эми КСДП фракциясындагы айымдар форумга төрайымдык кылуу милдетин Республика – Ата – Журт фракциясындагы кесиптештерине эстафета катары өткөрүп бергендигин билдирди. Эми алар өз миссиясын аткарууга сентябрь айынан тартып кирише башташат.

Аялдардын эмгек укуктары, балдарын багууда төлөнө турган жөлөкпулдарга жетиликтүүлүгү тууралуу да маалымат берген эл өкүлү жакында эле жаңы төрөлгөн ымыркайлардан тартып, 16 жашка чейинки балдарга каралган жөлөкпулдар ишке ашырыла баштаса, энелерибиздин турмуш-шарты аз да болсо жакшыртат,- дейт. Анткени каражаттын тартыштыгынан кыйналган жалгыз бой энелердин тагдырында бул чоң эле колдоо болоорун белгиледи депутат. Ошондой эле парламетарий айымдын айтымында, абакта олтурган аялдардын балдары да жөлөкпул алуу укугуна ээ болушат.

"Баатыр – эне" наамын ыйгаруудагы шарттарга да кайрылган депутат энелик милдет чоң жоопкерчилик экендигине токтолду. Андан тышкары жаш кыздардын эртелеп турмуш куруусуна жол бербөөнүн негиздүүлүгүнө да ишендирди.

Эсиңиздерге сала кетсек, Жогорку Кеңеште бүгүн Кыргызстандагы аялдар менен кыздардын абалы тууралуу өкмөттүк саат өткөрүлөт деп каралган. Бул теманын алкагында “Парламент” радиосунун түз эфиринде болгон депутат Айнуру Алтыбаева, угармандардын темага байланышкан, байланышпаган дагы бир катар суроолоруна жооп берди.

Пикир

Оставить комментарий