• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Алтыбаева: “Электр кубаты боюнча социалдык лимит көбөйтүлсө үй-бүлөлүк бюджетке жеңилдик болот эле”

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 04.01.18. /Кабар/. Бүгүн, 2018-жылдын 4-январында Жогорку Кеңештин жыйынындагы “Ар кыл маселелер” саатында шайлоочулардын көйгөйлөрү Өкмөткө айтылды,-деп билдирет ЖКнын басма сөз кызматы.

Депутат Айнуру Алтыбаева айрыкча кыш мезгилинде жер-жерлерде бир гана маселе – электр жарыгы менен ага болгон тариф маселеси тургандыгына токтолду. Алыскы, кышы катаал аймактардын тургундары электр кубаты боюнча 700 кВаттык социалдык жеңилдикти 1000ге чыгарууну суранып жатышкандыгын айткан эл өкүлү: “Электр кубаты боюнча социалдык лимит көбөйтүлсө үй-бүлөлүк бюджетке жеңилдик болот эле”,- дейт.

Депутат Искендер Матраимов Ош облусунун Кара-Суу районундагы жаңы түзүлүп жаткан айылдардын тизмесин КР Жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигине берилгендигин айтып, аларды тездетип карап “айыл” макамын берүүнүн зарылдыгын чечмелеп берди.

Чүй облусунун Чүй, Жайыл баштаган райондорунда жер астынан суу көтөрүлүп, жергиликтүү элди бир топ убаракерчиликке салып жатат. Бул тууралуу маселе көтөргөн депутат Бакирдин Субанбеков жаз алды менен же күзүндө мындай аймактарда траншеяларды казып, көйгөйдү алдын алуу зарылдыгын Өкмөткө багыттады.

Баткен шаарында облустук китепкана “көчмө китепкана” атка конгон. Тиешелүү имарат жок болгондуктан чайхана, кафе жана башкалардын имараттарын ижарага алып көчүп жүрүүгө аргасыз. Мындай маалымат менен тааныштырган депутат Карамат Орозова аталган маселе боюнча Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында жана жана тармактык комитетте кабыл алынган чечимдер аткарылбай жатканын сынга алды.

Депутат Закир Шарапов Баткен облусунун Айдаркен сымап комбинатына ички инвестор табылып иш башталаары боюнча кабар тараганын, ал инвестор менен кандай келишим түзүлүп, кандай шарттар коюлгандыгы боюнча КР Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна жиберген суроо-талабына жооп келе электигин баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий