• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Алтыбаева: «Кумтөр» компаниясы - өтө кирешелүү ири ишканалардын бири, демек, бюджеттик төлөмдөрдүн баарын толугу менен төлөшү керек»

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 12.02.18. /Кабар/. «Кумтөр» компаниясы баарынан көп бюджеттик төлөмдөрдөн бошотулган. Жалпысынан алганда, ал 2 млрд сомду 29 пайызды түзөт. Компания өткөн жылы өлкө аймагына 11 млрд сомго импорттук жабууларды алып келген. Бул тууралуу депутат Айнуру Алтыбаева Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде республикалык бюджеттин 2017-жылы аткарылышынын алдынала жыйынтыктары жөнүндө маалымат угулуп жатканда билдирди.

«Бюджеттик салыктардан быйыл 1 млрд 900 млн сом түшүп калды деп капаланып отурабыз, анын ордун толтурчу кошумча киреше булактарыбыз арбын эле. Мисалы, «Кумтөр» компаниясын алалы, ал өтө кирешелүү ири ишкана, демек, төлөмдөрдүн баарын толугу менен төлөшү керек. Бизде негизсиз эле салыктык жеӊилдиктер берилген ишканалар көп», - дейт ал.

Андан тышкары, депутат дары-дармектердин импортун кошумча нарк салыгынан бошотулушун кайра карап чыгууга тийиш экенибизди, мамлекеттик ооруканалардын имараттарында жайгашкан дарыканалар ижара акысына болбогон каражат – 500-600 сом төлөп кутулуп кетип жатканын айтты. «Өлкөнүн ички дүӊ өнүмү эмгек мигранттарынын акча которуусу менен тыгыз байланыштуу экени эч кимге деле жашыруун эмес. Ошондуктан, импорттун бажы алымдарын төлөөсүн кайра кароо менен бирге, салык төлөмдөрү менен бажы алымдарын башкаруу чараларын катуулатып, көмүскө экономиканы көрүнөө чыгарышыбыз керек», - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий