• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Алтыбаева РФ Кеңешинин депутаты К.Косачев менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 22.09.18. /Кабар/. Санкт-Петербург шаарындагы КМШ ПААнын баш-кеңсеси – Таврика сарайында КМШ ПАА Кеңешинин, Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенконун төрагалыгы астында экинчи Евразия аялдары форуму өтүп жатат. Форумдун ишине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Айнуру Алтыбаева катышууда.

Өтүп жаткан форумдун алкагында Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин мүчөсү Айнуру Алтыбаева Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Константин Косачев менен жолугушту.

Жолугушууда парламенттер аралык кызматташуу, мыйзам чыгаруу ишинде тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды. Тараптар эки өлкөнүн парламенттеринин ортосундагы кызматташуу ийгиликтүү өнүгүп жаткандыгын, ошентсе да кызматташууну тереңдетүү зарылдыгын белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий