• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Алтын байгелүү кайтышты! Азия биринчилигине катышкан балбандар Бишкекке келишти

Спорт 0

Бишкек, 25.02.20. /Кабар/. Эркин күрөш боюнча Азия чемпионатына катышкан балбандар кечээ, 24-февралда Бишкекке учуп келишти.

Индияда өткөн мелдеште балбандар эки алтын, эки коло медалды багындырышты.

"Манас" эл аралык аэропортунда спортчулардын тууган-жакындары жана журналисттер балбандарды тозуп алышты.

Эске сала кетсек, Улукбек Жолдошбеков жана Арсалан Будажапов Индиядагы мелдеште Азия чемпиону болду. Жолдошбеков биринчи кармашуусунда көзүнөн жаракат алганына карабастан мелдешке катышуусун уланткан.

Ошондой эле Бекболот Мырзаназар жана Исламбек Орозбеков коло байгенин ээси болушту.

Пикир

Оставить комментарий