• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

"Алтын балалык" реабилитациялык борборуна балдардын 8-тобу жөнөтүлдү

Коом 0

Бишкек, 10.08.22. /Кабар/. Бүгүн, 10-августта Ысык-Көлдөгү "Алтын балалык" ден соолукту чыңдоо жана реабилитациялык борборуна "Гумандуулук" ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн коомдук кайрымдуулук фондунун, “SOS Кыргызстандын балдар айылдары” коомдук фондунун жана калктын аялуу катмарына кирген үй-бүлөлөрдүн балдары 10 күнгө эс алууга жөнөтүлдү.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиргендей, балдарды узатууга саламаттык сактоо министринин убактылуу милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков катышты.

Жаркынбек Касымбеков эс алууга жөнөп жаткан балдарды узатып жатып, аларга көңүлдүү эс алуу жана ак жол каалап, коопсуздук эрежелерин так сакташ керектигин эскертти.

Эске салсак, "Алтын балалык" ден соолукту чыңдоо жана калыбына келтирүү борборуна ден соолугунда көйгөйү бар балдар дарыгердин жолдомосу аркылуу, ал эми ден соолукту чыңдоо лагерине калктын аялуу катмарына кирген үй-бүлөлөрдүн балдары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аркылуу тизмеге киргизилет.

Пикир

Оставить комментарий