• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Алтын балалык” реабилитациялык комплекси жакында балдарды кабыл ала баштайт

Аймак 0

Бишкек, 02.06.23. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарындагы "Алтын балалык" ден соолукту чыңдоочу-реабилитациялык комплексин жакынкы 10 күндүн ичинде балдарды кабыл ала баштайт. Бул тууралуу аталган комплекстин башчысы Алымкадыр Бейшеналиев билдиргендигин президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү кабарлайт.

Маалыматка ылайык, облус башчысы Илияз Иманбетов аталган борборго барып, өкүлчүлүктүн атынан комплекстин ашканасына керектүү жабдыктарды белек кылды.

Мындан сырткары, Илияз Иманбетов “Алтын балалыктын” жетекчиси Алымкадыр Бейшеналиевге Ысык-Көл облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө зор салым кошкондугу үчүн Ардак грамота тапшырды.


Белгилей кетсек, 2022-жылдын июнунан тартып “Алтын балалык” реабилитациялык комплекси 17 жылдык тыныгуудан кийин кайрадан иштей баштаган.

Борбор Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде 19,5 миң чарчы метр аянтта жайгашып, көлүдүн климаты, бальнеологиялык шарттары балдардын ден соолугун чыңдоого жана калыбына келтирүүгө абдан ыңгайлуу.

Борбордо: ортопедиялык, кардиологиялык, аллергологиялык, пульмонологиялык, хирургиялык жана неврологиялык оорулары бар балдарга реабилитациялык жардамды камтыган балдардын соматика бөлүмү жайгашкан.

Эхокардиограф, операциялык жана реанимация бөлмөсү менен жабдылган кардиохирургиялык борбор иштейт.

Пикир

Оставить комментарий