• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

"Алтын кум" пансионатында жоголгон 3 жашар бала Бостериден табылды

Кырсык 0

Бишкек, 23.07.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Ысык-Көл облусунун Бостери айылында 3 жашар дайынсыз жоголгон бала табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 22-июль күнү 3 жаштагы бала "Алтын кум" пансионатында дайынсыз жоголгон. Издөө иштерине 6 куткаруучу тартылган.

"Жоголгон бала ошол эле күнү болжол менен саат 18:40да Бостери айылында аман-эсен табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилген", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий